Кыргызстандыктар өткөн жылы эң көп ипотекалык насыя алышкан

Автор

2023-жылдын 11 айында Кыргызстандын коммерциялык банктары былтыркы көрсөткүчтөн 1,6 млрд сомго көп ипотекалык насыя беришти. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
2022-жылдын январь-ноябрь айларында берилген кредиттердин жалпы көлөмү 9,8 млрд сомду түзсө, 2023-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 16,2%га өсүү менен 11,4 млрд сомго жеткен.
Белгилеп кетсек, сентябрь айы берилген ипотека боюнча рекорддук ай болуп чыкты. Бул айда 1 млрд 551 миллион сомго ипотека берилген.
Жалпысынан 2023-жылдын ноябрь айынын аягында кыргызстандыктар ипотека боюнча 29,7 млрд сом карыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмил Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз

Жогорку Кеңештен депутаты Эмил Жамгырчиев кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев «Азаттыкка» билдирди. Акаев «Телефону өчүк болуп, аны менен байланышууга эч мүмкүн болбой жатат. Туугандарына, досторуна да байланышка чыкпаптыр», — деди. Белгилей кетсек, 9-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат […]

Сизге жагышы мүмкүн