Эмил Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз

Автор

Жогорку Кеңештен депутаты Эмил Жамгырчиев кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев «Азаттыкка» билдирди.
Акаев «Телефону өчүк болуп, аны менен байланышууга эч мүмкүн болбой жатат. Туугандарына, досторуна да байланышка чыкпаптыр», — деди.
Белгилей кетсек, 9-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип качып кеткени маалымдалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектин борборунда митингди чектөө мөөнөтү узартылды

Бишкек шаарында тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2024-жылдын 31-мартына чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тынч жолугушууларды жана акцияларды Максим Горький атындагы паркта гана өткөрүүгө болот. Митингге чыгууга болбой турган жайлар: «Ала-Тоо» аянты, Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин, […]

Сизге жагышы мүмкүн