Кыргызстанда TikTok бөгөттөлөбү?

Автор

Кыргызстанда TikTok социалдык тармагы бөгөттөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик мындай иш- чаралар УКМКнын катынын негизинде көрүлгөнүн түшүндүрдү.
«Чечимге TikTok тарабынан «Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамды аткарбагандыгы негиз болгон. Мыйзам балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрүн аныктайт», — деп айтылат Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматында.
16-апрелде министрликке караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TикТок социалдык тармагына кирүүнү чектөөнү суранган кат жолдогону белгилүү болгон. Интернет провайдерлери 18-апрелге чейин ТикТокту бөгөттөшү керек.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылы августта Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагын жабуу чечимин кабыл алган. Министрлик бир катар бейөкмөт уюмдар TikTok балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна зыян келтирип жатканы боюнча көптөгөн кайрылуулар түшкөнүн билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк 19,2 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарынан 19,2 млн доллар сатып алды. Бул тууралуу башкы банктын сайтында жарыяланды. Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү ирет тескери интервенция жасап, доллар сатып алууда. 27-мартта валюта базарынан 9 млн доллар сатып алса, 8-апрелде 17,1 млн доллар алган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн