Академиктин 70 жылдык мааракеси өттү

Автор

Белгилүү адабиятчы, академик, коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев улуу-кичүүнү чакырып, 70 жылдык мааракесин белгиледи. Мааракеге Эл баатырлары Мамбет Мамакеев, Апаз Жумагулов, Медеткан Шеримкулов баштаган аксакалдар, Сооронбай Жээнбеков баштаган экстер, акын- жазуучулар, журналисттер жана академиктин туугандары катышышты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев сөз сүйлөп, Абдыганы Эркебаевдин баскан жолун жана элге кылган ак кызматын айтып беришти.

Белгилүү сынчы, адабиятчы, экс-спикер Абдыганы Эркебаев 1953-жылы Чоң-Алай районунда туулган. Ал 10дон ашык китеп, 600дөн ашык макала жазган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер титирөөдөн 6 миңден ашуун чакан айыл жабыркады

8-сентябрда Марокконун түштүгүндө болгон жер титирөөдө  тоодо жайгашкан 6 миңден ашык чакан айылдар жабыркаган.  Ал жакта үйлөрдүн жанына тургундар үчүн чатырлар курулуп жатат. Өкмөт бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү же бузуу маселесин чечиши керек.  Бул үчүн экспертизалык иштерди жүргүзүү пландалууда. Бийликтин алдын ала маалыматы боюнча, 20 миңден ашуун үй жарым-жартылай ураган.  […]

Сизге жагышы мүмкүн