Катуу суук болбойт! Ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет агенттиги ноябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын айлык температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 3…5, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -1… +1 градуска жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 1…6га чейин, күндүз 3…8ден 13…18ге чейин өзгөрүлүп турат.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден 0…5ке чейин, күндүз 1…6дан 10…15ге чейин өзгөрүшү ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (Чүй өрөөнүндө 40-49 мм, тоо этектеринде 23-37 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде кармалып 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9дан 1…6га чейин жетип, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (28-29 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин, күндүз 4…9дан 14…19га чейин өзгөрөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин жетиши күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 29-44 мм, тоо этектериндеги райондордо 28-30 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин, күндүз 4…9дан 14…19га чейин өзгөрөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин жетиши күтүлөт.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 12…17 градуска көтөрүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 56-58 мм, тоо этектериндеги райондордо 51-96 мм, Токтогул районунда 25-27 мм).

Россиялыктарды суктандырган кыргызстандык келин. Видео – Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023

Россиялыктарды суктандырган кыргызстандык келин. Видео

11 Тогуздун айы, 18:08

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин, күндүз 4…9дан 14…19га чейин өзгөрөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин көтөрүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (өрөөндөрүндө 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 33-35 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 1…3, чыгышында -1…+1ге жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 2…7ге чейин, күндүз 0…5тен 9…14кө чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (1-17 мм, чыгышында 24-46 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде кармалат, -1…-3 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12, -2… +3кө чейин, күндүз -1…+4төн 9…14кө чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (4-15 мм).

Бөлүшүү:
Next Post

Forbes: Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчу аталды

Forbes журналы дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчулардын тизмесин жарыялады. Биринчи орунда Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду турат. Португалиялык футболчу француз Килиан Мбаппени биринчи орундан сүрүп чыгарды. 38 жаштагы Криштиану Роналдунун жылдык кирешеси 200 миллион долларды түзөт. Жарнамалык келишимдер “Аль-Насрдын” чабуулчусуна 60 млн. Экинчи орунда 2023-жылы 135 миллион евро […]

Сизге жагышы мүмкүн