Кыргызстанда “Tik Tok” жабылат

Автор

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok тармагынын ишин токтотуу чечимин кабыл алды. Чечим КР мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, ведомствонун дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын Tik Tok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйдү.

“TikTok колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө TikTok платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.

Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikТok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек – Балыкчы поезд каттамы  токтойт

Бишкектен Балыкчыга жүргүнчүлөрдү ташыган № 608/609 поезд каттамы 1-сентябрда токтойт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Белгилей кетсек, Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тактап айтканда, июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт. Аталган каттам 2024-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн