Аптанасаат: Уяттуулук жөнүндө сөз

Автор

Уят жөнүндө түшүнүк эне сүтү менен кошулуп бала кезден кан-жыныбызга сиңип кеткен нерсе. “Уят- өлүмдөн катуу”, “Уялбагандан өзүң уял” деген сыяктуу макалдар биз үчүн ыйык эреже болуп калган. Таалим-тарбиясы жетик адамдын калыптануусу уятына жараша болот. Уяты бар адамдан эч качан түңүлбөш керек. Андай адамдан жамандык күтпө, ал сага кыянаттык кылбайт, алдабайт, сатып кетпейт, эл алдыңда абийириңди төкпөйт. Анткени анын жан дүйнөсүн ошол уяты бекем кармап, адамкерчиликтин, ыймандын нуруна салып турат.
***
Уяттуулук – ыймандын бир бакубат бутагы. Бул бутактан айрылып калган адамдан жакшылык күтүү кыйын. Уятсыз адам эч качан Кудайдан коркпойт. Аны менен мамиле кылсаң, акыры эл алдында абийириң төгүлүп, шылдың болосуң. Ал сенин көзүңчө да, артыңдан да ашмалтайы чыккан жамандыктарды жасоодон кайра тартпайт. Сенин кадыр – баркыңа доо кетире турган ушак-айыңдарды таратып коюп,бети кызарбастан, уят- сыйытын жыйыштырып, эч нерсе болбогондой кайра жүз көрүшүп жүрө берет. Алла Тааланын каарына калган андай пендеде ийменүү, кымсынуу, сыпайыгерчилик деген түшүнүктөрдөн өзү таптакыр жок болот.
Эгемберди Эрматов жазуучу

Бөлүшүү:
Next Post

Молдованын президентинин ити Австриянын президентин тиштеди

Молдованын президенти Майя Сандунун ити Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен итти эркелеткиси келгенде анын колун тиштеп алган. Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен менен Словениянын президенти Наташа Пирк-Мусар Молдовага барышты. Алар республиканын лидери Майя Санду менен администрация имаратынын айланасында сейилдөө учурунда окуяга кабылышты. Сандуга таандык Кодрук аттуу ит Ван […]

Сизге жагышы мүмкүн