Жогорку Кеңеш 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

Автор

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алышты.
Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Талкуу маалында депутаттар Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары боюнча өз пикирлерин билдиришип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар сунуштарын беришти.
2023-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 352 млрд 807 млн 894 миң сом суммасында сунушталууда. Чыгаша бөлүгү 361 млрд 795 млн 602 миң сом суммасында, ал эми тартыштык 8 млрд 987 млн 708 миң сом суммасында болжолдонууда.
Кийинки жылга гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 378,4 млрд сом суммасында каралары белгиленген. Чыгаша 367,5 млрд сом деңгээлинде белгиленген. Кийинки жылы бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте балдар ооруканасы ачылат

Бишкекте 2024-жылдын башында дагы бир балдар поликлиникасы ачылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов билдирди. Анын айтымында, оорукана шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында ачылат. Азыркы учурда имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. «Оорукананы 2024-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда», — деди ал. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн