Кыргызстанда бензин кымбатташы мүмкүн

Автор

Кыргызстанда май айында  бензин рыногунда баа литрине 1,5-2 сомго кымбатташы мүмкүн. Мындай божомолду Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

«Бүгүнкү күндө орусиялык мунай продуктулары рыногунда бензин тобуна дүң сатуу баасынын өсүшү байкалууда. Жыл башынан бери бензиндин баасы дээрлик 35 пайызга кымбаттаган. ОПЕК+ мамлекеттери май айынан тарта мунайды өндүрүүнү суткасына 1,6 миллион баррелге кыскартуу чечимин кабыл алган. Батыш өлкөлөрүнүн Орусия Федерациясына каршы санкцияларды киргизүүсү менен мунай өндүрүү кескин кыскарды. Бул мунай продуктуларын өндүрүүнүн кыскарышына жана заводдун сатуу бааларынын жогорулашына алып келди. Жаз айларында Орусиянын мунайды кайра иштеткен заводдору пландык профилактикалык оңдоо иштерин баштагандыктан рынокто мунай азыгы азая түшөт», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы белгиленет

2024-жылы залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттары Максатбек Сарбагышев жана Гүлкан Молдобекова Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Иш-чарада эл өкүлдөрү парламент ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, комитет, фракциялардын иш процесстери, алар кабыл […]

Сизге жагышы мүмкүн