Кыргызстанда бардык мыйзамсыз курулуштар көзөмөлгө алынган

Автор

Республиканын аймагындагы бардык мыйзамдуу жана мыйзамсыз курулуштар көзөмөлгө алынган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бардык курулуштар боюнча маалымат Мамкурулуштун расмий сайтында жарыяланган жана ар бир жаранга жеткиликтүү.
Бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан бардык мыйзамдуу курулуштар агенттиктин курулуштар реестрине киргизилген. Ал эми мыйзамсыз жол менен салынып жаткан курулуш Мамкурулуш агенттиги тарабынан аныкталып, ар бири боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ менен Британия хуситтерге каршы соккуларды баштады

АКШ менен Британия Йемендеги сегиз бутага биргелешкен аба соккуларын баштады. Бул ирет жер астындагы сактоочу жайга, ошондой эле хусилердин “ракета жана чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүн” бутага алганы айтылат. Биз дүйнөдөгү эң маанилүү суу жолдорунун биринде адамдардын өмүрүн жана эркин соодасын коргоодон тартынбайбыз»,-деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө. Бул АКШнын Йемендеги буталарга сегизинчи соккусу жана […]

Сизге жагышы мүмкүн