«Ай Кью» мектебинин  84 бүтүрүүчүсү  аттестат алмай болду

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмоктогу “Ай-Кью” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы ушундай жагдайдын түзүлүшүнө жол берген жооптуу адамдарга карата чара көрүүнү тийиштүү мекемелерге жана укук коргоо органдарына тапшырды.

«Ошондой эле мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында билим берүү тутумунун лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды»,— деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Токмок шаарындагы жеке менчик «Ай Кью» билим берүү комплексинде 2022-2023-окуу жылында 84 бүтүрүүчү аттестат ала элек болчу. Билим берүү жана илим министрлиги бул жагдайга түшүндүрмө берип, мектеп күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болбогонун айткан. Лицензия алуу тууралуу эки жолу арыз берилгенин, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан документ ала албаганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык 200дөн ашуун спортчу  II КМШ оюндарына катышат

Кыргызстандык 200дөн ашуун спортчу Минскте өтчү II КМШ оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. КМШ оюндарынын салтанаттуу ачылышы 5-август күнү Минск шаарындагы көп тармактуу “Минск-Арена” маданий-спорт комплексинде өтөт. Иш-чара 14-августка чейин уланат. Ага 24 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышат. Жалпы 21 спорттун түрүнөн 1 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн