Былтыр «Кумтөрдөн» 371 млн доллар таза киреше түшкөн

Автор

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кумтөр” кенинин таза кирешеси 371 млн долларды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда “Кумтөр” бир мүнөт дагы ишин токтотпой, коюлган планды так аткарууда жана кенди мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча стратегиялык максаттарды ишке ашырууда.

“2022-жылдын жыйынтыгы менен 17,3 тонна алтын казылып алынып, төлөнгөн салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн суммасы 32,2 млрд сомду, ал эми таза кирешеси 371 млн долларды түздү”, – деди президент.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрда башталат

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 6-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы күзгү каникулдар 6-ноябрда башталып, 12-ноябрга чейин созулат. Окуулар кайрадан 13-ноябрда башталат. Эске салсак, быйылкы окуу жылы адаттагыдай эле 1-сентябрда башталды, ошого байланыштуу 25-майда аяктайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн