Кызылча оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Автор

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусуна чалдыккандар 4098 болду. Бул тууралуу 16-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, калкы дээрлик 20 миллион коңшу Казакстанда бул илдетке чалдыккандар 13 миң болду, ал эми калкы 35 миллиондук Өзбекстанда болгону 164 бейтап катталды.

Кыргызстанда кызылча менен ооругандардын эң көбү Бишкекте, Чүйдө жана Жалал-Абадда. Бул аймактарда вирус бала бакчаларда жана мектептерде эмделбеген балдар арасында активдүү жайылып жатканы белгиленген.

Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 450 миңден ашык бала алды, бул 76% түзөт.

Белгилей кетсек, кызылча аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Украина менен Израилге жардам каралбаган каржылоо мыйзамына кол койду

АКШнын президенти Жо Байден өкмөтүнүн ишин убактылуу каржылоо боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Анда Украина менен Израилге жардам берүү каралган эмес. Байден мыйзам долбооруна Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өтүп жаткан Сан-Францискодо кол койгону белгиленген. Бул демилгени АКШ Конгрессинин эки палатасы тең жактырган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн