Курман айтта кандай мал союлушу керек? Муфтияттан 6 эреже

Автор

Курман айтта курмандык чалынчу малды кантип туура тандоо керектигин муфтият тизмектеп берди.

Курман айт күнү курмандыкка эркек, ургаачысына карабай төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Мындан башка малдын түрү курмандыкка жарабайт.

Майда жандык (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Ал эми бодо малды бир же бир нече (эң көбү жети) кишинин атынан да союуга болот. Эгерде чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо ал кабыл болбой калаары маалымдалган. Ооруган малды союуга болбойт.

Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да, бардыгын таратып жиберүүгө да болот. Бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей-кембагал, муктаждарга, үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берсе болот.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Байрактар Украинада чыгарыла баштайт

Түрк фирмасы Байкар 2025-жылы Украинада Байрактар ​​ТБ2 жана Байрактар ​​Акынжы согуштук учкучсуз учактарды чыгара баштайт. Компаниянын башкы директору Халук Байрактар ​​«Baykar- «Авиа венчурс» —жергиликтүү туундукомпаниясынын курулуш иштери планга ылайык жүрүп жатат. Ачылышы 2025-жылга пландаштырылган»,-деди ал. Түрк компаниясынын Украинадагы өндүрүшкө жумшаган жалпы инвестициясынын көлөмү 95 миллион доллардан ашканы белгиленген. “Байрактар ​​ТБ-2” […]

Сизге жагышы мүмкүн