Бүгүн Бишкек шаарынын күнү

Автор

Бүгүн 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдык мааракеси белгиленет. Шаардын бардык райондорунда жана борбордун гүлбактарында майрамдык иш-чаралар өтөт.
Свердлов району:
— 26-апреден 28-апрелге чейин №87 орто мектепте спорттун үч түрү боюнча спорттук иш-чаралар уюштурулат.
— 29-апрелде «Чыгыш-5» кичирайонунда — Чыгармачыл Арбатта сүрөт көргөзмөсү өтөт. Арбатта сүрөтчүлөр аянты — мольберттерге тартылган сүрөттөр, балдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү, мектеп окуучуларынын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот.
Ошондой эле “Шаар тургуну менен маек” викторинасы – шаардын тарыхын билүү боюнча сурамжылоо өткөрүлөт. Суроолорго туура жооп бергендерге таттуу белектер берилет.
Борбор калаанын билим берүү уюмдарында “Бишкек шаарынын күнү” деген темада класстык жана ачык сабактар өткөрүлөт. Шаар күнүнө карата «Красный строитель» жаңы конушундагы футбол аянтчасынын жана Ак-Бата жаңы конушунда ФАПтын жаңы имаратынын ачылышы болот.
Биринчи май району:
— 25-апрелден 28-апрелге чейин №101 орто мектепте волейбол, аркан тартыш жана дартс боюнча мелдештер өткөрүлөт.
— 29-апрелде Т.Усубалиев атындагы аянтта борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун жана улуттук эстрада жылдыздарынын концерти уюштурулат. Ошондой эле «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» фестиваль-конкурсу болот, ал Mezzo Forte оркестринин концерти менен уланат.
— 29-апрелде №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медицина кызматкерлеринин катышуусунда флешмоб өтөт.
— 29-апрелде “Үмүт үйү” карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык мекеменин жашоочуларынын катышуусунда флешмоб өтөт.
Мындан тышкары райондун билим берүү мекемелеринде “Бишкек сүйүктүү шаарым” деген темада сабактар өткөрүлөт.
Ленин району:
— 25-28-апрель күндөрү №40 жана №95 мектептерде жана Фучик атындагы паркта спорттук иш-чаралар уюштурулат.
— 29-апрелде №96 мектепте Бишкек шаарынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
— 29-апрелде Улуттук филармониянын жанындагы аянтта жана Жаштар аллеясында Балдар чыгармачылык борборунун жана Жаш техниктер станциясынын көргөзмөлөрү уюштурулат.
Ошондой эле, жалпы билим берүү уюмдарында «Бишкек сүйүктүү шаарым», «Бишкек шаарынын тарыхы», «Гүлдөй бер, Бишкеким» деген темаларда сабактар өткөрүлөт.
Кошумчалай кетсек, шаар күнүн майрамдоого жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата №58 орто мектепте жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Октябрь району:
27-28-апрель күндөрү №88, №91, №73 мектептерде спорттун төрт түрү: дартс, аркан тартыш, эстафета жана волейбол боюнча мелдештер өтөт.
Райондогу бардык билим берүү уюмдарында сүрөт сынактары уюштурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Швецияда кайрадан Куран китеби өрттөлдү

Швециянын борбору Стокгольмдо кайрадан Куран китеби өрттөлдү. Буга чейин мындай аракеттер Швеция менен Түркиянын мамилесинде чыңалууга алып келген. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, акцияны Джейд Сандберг аттуу активист жасаган. Ал буга чейин Швецияда бир нече жолу Куран китеби өрттөлүүчү иш-чараларды өткөргөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн