Курманкул Зулушев, башкы прокурор: “Комиссиянын ишине жолтоо болбоо үчүн министрди текшербей калдык”

Автор

“Саламаттык сактоо министри боюнча депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктагандан кийин бизди жардамга чакырасыздар, ошондо кызматташабыз. Азыр комиссиянын ишине жолтоо болбоо үчүн токтоп калдык, болбосо, текшерүүнү баштамакпыз”,- деп билдирди башкы прокурор депутат Жусупбек Коргонбай уулунун суроолоруна жооп берип жатып. Аталган депутат Алымкадыр Бейшеналиевди мурда камап, кайра эмне үчүн коё бергендерине кызыкты. ИИМдин орун басары “Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн тергөө кызматына 8 кылмыш иш келип түшкөн. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыштын белгилери жок делип, иш кыскартылган”,-деди.
“Анда эмне үчүн иш козгогон тергөөчү жоопко тартылбайт”,- деп сурады эле “ишти биз козгогонбуз. Ал “башкы прокурор аркаман түшүп алды” деп даттанганы үчүн кызыкчылыктардын кагылышуусу болбосун деп ИИМге өткөрүп берген элек”,- деп жооп берди Курманкул Зулушев.

Бөлүшүү:
Next Post

Вице-спикер мурдагы министрди жоопко тартуу керектигин билдирди

“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип, мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин үстүнөн 2 кылмыш иш козголгон эле, ошол эмне болду”,- деп сурады Жогорку Кеңештин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев. “Курамында кылмыш иши аныкталбагандыктан кыскартылыптыр. Мамлекетке болгон чыгым 16 млн 676 миң сом деп эсептелген экен. Аны төлөтүү боюнча соттук иш чаралар учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн