Депутат Айбек Осмонов өзү кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө барды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов бүгүн, 13-мартта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөт департаментине барды. Ал өзү мындан 20 жыл мурда аскердик кызматын өтөгөн. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Иш сапардын негизги максаты аскер кызматкерлеринин күжүрмөн кызматы жана тиричилиги, департаменттеги кызматтын абалы менен таанышуу, мөөнөттүү аскер кызматкерлери менен жолугушуу жана маектешүү, аскер кызматкерлерине моралдык колдоо көрсөтүү.

Депутат Айбек Осмоновду Кайтаруу жана күзөт департаментинин зардалы Улан Бердикожоев коштоп жүрүп, аскер бөлүгүнүн күжүрмөн – кызматтык ишмердүүлүгү менен тааныштырды, кайтаруу жана коштоп жүрүү кызматынын уюштурулушу, күч жана каражаттар тууралуу маалымат берди. Депутат көйгөйлөрдү жана сунуштарды угуп, социалдык камсыздоо маселелери менен таанышты”, -делет маалыматта.

Депутат аскер бөлүгүнүн күжүрмөн даярдык деңгээлин жогорулатуу үчүн материалдык камсыздоо жагын чечүүгө жардам берээрин билдирди. Ал өз сөзүндө атамекенге ак ниет менен кызмат кылуу керектигин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөнүн эң мыкты 50 дарбазачысынын рейтинги чыкты

Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясы (IFFHS) 1987-жылдан берки дүйнөнүн эң мыкты 50 дарбазачысынын тизмесин түздү. Бул тууралуу спорттук уюмдун  сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, италиялык “Парма” футбол клубунун легендарлуу  дарбазачысы  Жанлуиджи Буффон дүйнөнүн эң мыкты дарбазачысы деп табылды. Экинчи орунда “Реалдын” мурдагы дарбазачысы Икер Касильяс, үчүнчүдө “Бавария”  клубунан  Мануэль […]

Сизге жагышы мүмкүн