КР эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленет

Автор

Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Акындын мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара 23-октябрда саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында белгиленмекчи.

КР эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, II даражадагы Манас орденинин ээси, драматург Жалил Садыков көзү тирүү болгондо 91 жашка чыкмак.

Белгилей кетсек, Садыков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин сөзүн Шабданбек Кулуев менен чогуу жазган. Ал “Манас” үчилтигинин негизинде “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” драмасын жана түрдүү жанрдагы ондогон пьеса жараткан. Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Расул Гамзатов, Тарас Шевченко, Омар Хаям, Кайсын Кулиев жана Ясыр Шивазанын чыгармаларын дагы кыргыз тилине которгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Тазалануу Жогорку Кеңешке келдиби?

“Раимбек Матраимовдун айрым жан жөкөрлөрү Жогорку  Кеңешке чейин келип үлгүрүшкөн. Алардын атын атагандан коркпошубуз керек. Алар боюнча бүт далилдер чогулган жана алар уурулугун моюндашкан”,- дейт белгилүү журналист Али Токтакунов. “Маселен, депутат Нурлан Ражабалиев Раимбек Матраимовдун атынан кантип иш жүргүзгөнүн биздин күбөлөр далилдешкен жана ал соттун чечиминин негизинде 12 млн сом […]

Сизге жагышы мүмкүн