Казак бийлиги мекендештерин Одесса менен Харьковдон чыгып кетүүгө чакырды

Автор

Казакстандын Украинадагы элчилиги чыңалуунун күчөшүнө жана туруксуз коопсуздук кырдаалына байланыштуу казакстандыктарга Украинанын Одесса жана Харьков облустарынан чыгып кетүүнү сунуштайт.
«Украинадан Казакстан Республикасынын жарандары өлкөгө Польша же Молдова аркылуу келе алышат. Польша аркылуу чыгууда Казакстандын жарандарында Шенген визасы болушу керек. Молдовага кирүү үчүн виза талап кылынбайт»,-деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Дипломаттар бардыгын аба чабуулу боюнча эскертүүгө көңүл бурбай, дароо баш калкалоочу жайга барууга үндөштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Эки облуста үшүк жүрүшү ыктымал

Кыргызстандын эки облусунда 31-мартта жана 1-апрелде кескин күн сууктап, түнкүсүн жана күндүз үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет. Талас облусунда абанын табы -1…-3 градус, Чүйдө 1-апрелде 0…-2 градуска чейин суук болушу ыктымал. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн