Криштиану Роналду карьерасын качан жыйынтыктарын айтты

Автор

Саудиялык “Аль-Наср” клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду футболчунун карьерасын аяктоо мөөнөтү тууралуу суроого жооп берди.
“Бүткөндөй сезилгенде мен кетем… Балким 10 жылдан кийин?!” – деген сөздөрүн чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Сауд Аравиянын Про-Лигасынын учурдагы сезонунда 38 жаштагы Криштиану Роналду 18 матч өткөрүп, анда 20 гол киргизип, 9 голго пас берген. Ал ошондой эле Араб чемпиондорунун клубдар кубогунда үч оюн жана төрт гол киргизген.
Эске сала кетсек, Криштиану Роналду Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунда 2023-жылдын январынан бери ойноп келет. Анын клуб менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Катарда Кыргызстандын улуттук жана маданият күндөрү өтөт

Катарда “Доха ЭКСПО-2023” жарманкеси алкагында 23-25-январь күндөрү Кыргызстан маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Доха шаарындагы Лусаил Бульварында өтө турган маданият күндөрүнө расмий делегацияны министр Алтынбек Максутов жетектеп барат. “Доха ЭКСПО-2023” жарманкесинин алкагында өтүп жаткан улуттук күндө кыргыз элинин бай маданияты […]

Сизге жагышы мүмкүн