Азия оюндары: Авазбек Аманбеков  коло медалга ээ болду

Автор

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Авазбек Аманбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 56 кг салмак категориясында беттешти.

Аманбеков Авазбек алгач непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда таиланддык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш Аманбековдун филиппиндик спортчуга 2:0 жеңилүүсү менен аяктады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Зайтун майынын пайдалары

Зайтун майы Е витаминин камтыйт, ал негизги аял гормонунун жөнгө салууга жардам берчү – эстроген болуп эсептелет. Мындан тышкары толугу менен  майлардан турат. Алар дененин дээрлик бардык системаларынын ишине оң таасирин тийгизет. Калкан жана бөйрөк үстүндөгү бездерге таасирин баса белгилей кетүү керек. Кош бойлуу кезинде зайтун майын колдонгон аябай пайдалуу. […]

Сизге жагышы мүмкүн