Россия, Кытай жана Иран деңиз машыгууларын баштады

Автор

Орус деңиз флотунун, Кытайдын жана Ирандын деңиз флотунун кемелери Араб деңизиндеги Оман булуңунда “Деңиз коопсуздук алкагы – 2024” эл аралык деңиз машыгуусун баштады. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Тынч океан флотунун согуштук кораблдери гвардиялык «Варяг» ракеталык крейсери жана «Маршал Шапошников» фрегаты Иран жана Кытайдын аскер-дециз флотторунун кемелери менен практикалык тапшырмаларды аткара башташты. Машыгууга жалпысынан 20дан ашык кемелер, көмөкчү кемелер жана согуштук катерлер тартылган. Иш-чарага биринчи жолу Пакистан, Казакстан, Азербайжан, Оман, Индия жана Түштүк Африканын деңиз флотунун өкүлдөрү байкоочу катары катышууда.
Машыгуунун негизги максаты – деңиз чарбалык ишинин коопсуздугун камсыздоону практикалоо. Кемелер биргелешип маневр жасап, жер үстүндөгү жана абадагы буталарды атышат. Ошондой эле пираттар тарабынан колго түшүрүлгөн кемени бошотуунун элементтерин иштеп чыгышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат президенттин административдик-аймактык реформасын колдоду

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы президенттин административдик-аймактык реформасын колдойт. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бүгүн, 13-мартта парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Эл өкүлү “Айыл өкмөттөрдү ирилештирүү жакшы. Муну баарыбыз колдошубуз керек. Бирок, бул реформаны президенттик администрация ишке ашырбайт. Жогорку Кеңеш аркылуу иш жүрүшү керек. Бардык нерсенин жол жобосу бар”,- деп билдирди. […]

Сизге жагышы мүмкүн