Парламент ЖЭБ боюнча маселе көтөрдү

Автор

Парламент бүгүн,7-февралдагы жалпы жыйынында Бишкек ЖЭБ боюнча маселе көтөрдү.
Депутат Эмил Токтошев ЖЭБдеги жарылуу кайдыгерликтен келип чыкканын билдирип, 1 жылда 3 жетекчи алмашканын, андан башка бир топ кемчиликтер кеткенин айтты. Мындан улам катуу көзөмөл жүргүзүү керектигин баса белгиледи. Ал жардам көрсөтүшкөн жеке жарандарга жана кошуна мамлекеттерге да ыраазычылыгын белгиледи. ЖЭБтеги жарылуу боюнча депутаттар Дастан Бекешов жана Улук Ормонов сөз сүйлөп, өкмөт түзгөн комиссияга депутаттардын кирбей калганынын себебин сурашты.
ЖЭБдеги жарылуу боюнча өкмөт комиссия түздү. Аны министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев жетектейт. Мындай маалыматты Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмат Абытов билдирди. “ЖЭБте кырсык болгон күндөн баштап, президент жеке көзөмөлүнө алган. Комиссия иш алып барат”,- деди президенттин өкүлү.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икиясы: Каардануу жана таарынычтын жүгү жөнүндө

Бир киши даанышман аксакалга келип: “ – Сиз абдан акылдуусуз. Ар дайым маанайыңыз ачык, эч качан ачууланбайсыз. Мага да ушундай болууга жардам бериңизчи”, – дейт. Аксакал макул болуп, ал кишиден картошка жана баштык алып келүүсүн өтүнөт. – Эгерде сен бирөөгө ачууланып, кек сактасаң анда картошканы ал – деди аксакал. Ар […]

Сизге жагышы мүмкүн