Бүгүн Ысык-Көлдө эр эңиш боюнча алгачкы жолу Дүйнө чемпионаты башталат

Автор

Ысык-Көл облусунда ат үстүндөгү күрөш боюнча (эр эңиш) Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 23-24-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтмөкчү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Кытай, Венгрия, Афганистан жана Россиянын курама командаларынан 48 спортчу катышат.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Кыргызстандын жана дүйнө тарыхында биринчи ирет өтүп жатат.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы, республикалык Эр эңиш федерациясы жана Ат үстүндөгү күрөш Эл аралык федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Эң коркунучтуу адам сабатсыз адам

13-кылымда Рим Папасы Григорий “мышыктар шайтан, аларды өлтүргүлө”,- деп буйрук берет. Эсепсиз мышыктар өлтүрүлөт. Бирок, ошол эле кезде чычкандардан тараган оору бүткүл Европаны каптайт. Натыйжада, 25 млн адам чычкан вирусунан көз жумат. Сабатсыздыктын дарысы жок экенин ошондо түшүнүшөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн