Неймар “Аль-Хилал” клубуна өттү

Автор

Бразилиялык чабуулчу Неймар саудиялык “Аль-Хилал” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу  чет элдик споррттук басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, буга чейин 31 жаштагы бразилиялык футболчу менен эки жылдык келишим түзүлгөн. Пари Сен-Жермен өз оюнчусу үчүн 100 миллион евродон бир аз азыраак алат. Бүгүн Неймар медициналык текшерүүгө байланыштуу бардык керектүү процедураларды бүтүрүп, жуманын аягына чейин саудиялык клуб жайгашкан жерге келет. Аль-Хилалда ал онунчу номердин астында чыгат.

Эске салсак, Неймар ПСЖга 2017-жылы жайында “Барселонадан” рекорддук 222 миллион еврого өткөн. Француз клубунда 6 жыл ичинде бразилиялык 173 беттеш өткөрүп, анда 118 гол киргизип, 77 ассист берген. ПСЖ менен Неймар беш жолу Франция чемпиондугун жеңип, үч жолу Франциянын Кубогун жеңип алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Май куюучу станциядагы жарылуудан 47 адам жабыркады

Махачкаладагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан 47 адам жабыркады. 35 адам каза болуп, 47 киши оор жаракат алган. Абалы оор 17 адам Москвадагы медициналык борборлорго жеткирилди. 14-август күнү кечинде Махачкаланын четиндеги станцияда унааларды тейлөө учурунда өрт чыгып, өрт селитра сакталган коңшу бөлмөгө өткөн. Андан жардыруу болуп, өрт жакын жердеги имараттарга […]

Сизге жагышы мүмкүн