“Ак шумкарлар” жаңы формалуу болду

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы формалуу болуп, анын расмий бетачары өткөрүлдү. “Ак шумкарлардын” жаңы формасына кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөн.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, күн мурун өткөн иш-чаранын алкагында 2023/2024 коллекциясындагы биринчи футболканын кайрымдуулук аукциону өттү. Андан түшкөн каражат Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине жардам катары жумшалат.

Кыргыз футболдук союзу менен испаниялык Joma бренди иштеп чыккан мерч 11-августта массалык сатууга чыгат. Улуттук курама команданын расмий экипировкасын Joma спорттук дүкөнүнөн жана КФС расмий сайтынан сатып алса болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Талас медициналык колледжинин директору кармалды

Акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. кармалды. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жетекчи 20 миң сом өлчөмүндө пара менен колго түшкөн. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. жана аталган колледждин башка кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана контракттык […]

Сизге жагышы мүмкүн