ККМ боюнча өлкө аймагында нааразычылык акциясы башталды

Автор

Бүгүн, 1-декабрда Аламүдүн базарынын сатуучулары нааразычылык акциясына чыгышты. Алар контролдук-кассалык аппараттардын киргизилишине каршы экендиктерин билдиришүүдө.

Нараазычылык акциясына «Таатан», «Азиз» жана «Чынар» базарларынын сатуучулары дагы кошулганы кабарланды.

«Азыр баарыбыз эле соода жок отурабыз. Бизге азыр аябай кыйын. Мындан улам биз үчүн учурда патент менен иштөө ыңгайлуу. Биз эч нерседен коркпойбуз. Өзүбүздүн талабызды айтып чыгыш, биздин Конституциялык укугубуз”,- деп билдиришти алар.

Мындан мурда Дордой, Кара-Суу базарларында соодагерлер нааразычылык акциясына чыгышкан. Бүгүн Ош шаарында да өтүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ден соолукту чыңдай турган арзан мөмө аталды

Диетолог Майкл Мосли эң арзан жемиштин пайдалуу касиеттери тууралуу айтып берди.  Биз алма жөнүндө сөз кылалы. Адистин айтымында, күнүнө жок дегенде бирден алма жесе, дарыгерлерге кайрылуу бир топ кыскарат. Диабеттен баштап холестериндин деңгээли жогору болгондорго алма жегенге кеңеш берилет. Алманын арты менен организм азот кычкылын чыгарат, ал сезгенүүнү азайтат, кан […]

Сизге жагышы мүмкүн