Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы Хвасон-18 өлкөнүн өзөктүк контрчабуулга даярдыгын жогорулатарын, Түндүк Кореянын стратегиялык күчтөрүн калыбына келтирээрин айтты.
Бейшемби күнү Түндүк Корея жаңы Хвасон-18 континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады.
Ким Чен Ын биринчи сыноону жеринде жеке өзү көзөмөлдөгөн.
Япония менен АКШ Түндүк Кореянын ракета учуруусуна жооп иретинде согуштук машыгуу өткөрүштү.