Килиан Мбаппе “ПСЖ” клубунан кетет

Автор

Француздардын “Пари Сен-Жермен” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе карьерасын кайда улантарын чечти. Чабуулчунун Францияда калуу ниети жок.
Бул тууралуу атактуу спорт журналисти Абделла Булма “Мбаппе париждиктер менен учурдагы келишимин узартпайт жана клубдагы оюнун токтотот”, -деп билдирди
Эске сала кетсек, Мбаппенин келишими 2024-жылдын жайында аяктайт. Анын шарттарынын бирине ылайык, Мбаппе келишимди дагы бир жылга узарта алат. Бирок буга чейин ал бул жолду иштетүүдөн баш тартканы белгилүү болгон.
Белгилей кетсек, Килиан үчүн негизги талапкерлердин бири Реал Мадрид. Бир күн мурун клуб трансферди аягына чыгаруу боюнча ишти баштоого даяр экени кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү. Бул тууралуу мекеменин маалыматында айтылат. Ага ылайык, башкы каржы мекемесинде мурдагы көлөмгө өткөн жылы таза 3-4 тонна алтын кошулган. Белгилеп кетсек, эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого жана башка максаттарга […]

Сизге жагышы мүмкүн