Вагнерчилер Польшага жакындаганы айтылды

Автор

Россиядан Белоруссияга келген Вагнердин 100дөн ашык жалданма жоокерлери Польша менен чек арага келишти. Бул тууралуу ишембиде премьер-министр Матеуш Моравецки билдирди.

Моравецкинин айтымында, вагнерчилер Сувалки коридоруна, Польша-Литва чек арасынын 100 километр узундуктагы стратегиялык маанилүү участогуна жакындашкан.

Польшанын премьер-министри бул өлкө аймагына гибриддик чабуулга жасалган кадам экени, жалданма аскерлер белорус чек арачыларына жамынып Польшадагы туруктуулукту бузууга аракеттер болорун кошумчалады.

НАТОнун эксперттери Беларусь менен Калининград облусун бириктирип, Эстония, Литва жана Латвияны Евробиримдиктен жана альянстын негизги күчтөрүнөн ажырата турган Сувалки коридорун Россия басып алуу сценарийин бир нече жолу карап чыгышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

1-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

1-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө  түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39, Талас […]

Сизге жагышы мүмкүн