2024-жылдын январында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 36,8%га өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, экспорттун номиналдык көлөмү 46,6%га көбөйгөн, бул негизинен чет өлкөгө баалуу металлдарды экспорттоонун эсебинен болгон. Импорт нарктык мааниде 35,1%га өскөн.
Ошол эле учурда, импорттук жеткирүүлөрдүн 80%дан ашык өсүшү Кытайдан импорттолуучу товарлардын көлөмү менен камсыздалган.