Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май кымбаттады

Автор

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын жогорулашы Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу болууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу.
«Коңшу мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан Россия Федерациясынын мунай иштетүүчү заводдорунан бензин жана дизель майын сатып алышат. Учурда бензин жана дизель майы рыногунда абал туруктуу. Нефть продуктыларын ташып келүү план боюнча үзгүлтүксүз аткарылып жатат. Эч кандай тартыштык жок», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, 22-февралда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен нефтетрейдерлердин ортосундагы мунай продуктулары рыногунда кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмү менен камсыз кылуу боюнча жумушчу жыйын өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 26-февралга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.72 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 43 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн