Кезек Мейкинбек Абдалиевге келдиби?

Автор

Парламенттен кетирүү кезеги депутат Мейкинбек Абдалиевге келдиби? Социалдык тармактарда маалымдалгандай, ал Раимбек Матраимовду парламенттин жалпы жыйынында 2 жолу мактай коем деп бийликтин кара тизмесине илинген. Мейкинбек Абдалиев Бажы кызматынын экс-төрага орун басары Раимбек Матраимовду Эл аралык жүк ташууну жөнгө салып, ишкерлердин кошуналар менен атаандаштыгын өнүктүргөнүн, бирок, Матраимов түзгөн стстема талкаланып, жыйынтыгында, Кыргызстандагы бизнес Казакстанга жер которгонун айтып чыкканы менен белгилүү. Ал ошол эле активдүү эл өкүлү катары өлкөнүн көйгөйлөрүн көтөрүп, чечилүү жолдорун да сунуштаган жайы бар. Анын мандат маселеси качан козголоору азырынча белгисиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов: "Матраимов менен кимдин байланышы бар экенин кенен айтып берем"

Жогорку Кеңештин мандатынан кол жууду делген Шайлообек Атазов журналист Гулкайыр Мамасалиевага маек берип, соттордун адилетсиздигин, профсоюздагы коррупцияны жана кээ бир чиновниктердин өзүнө карата кутумун айтып берген. “Ооба. Бул саясий долбоор. Бул мафиянын планы. Акыркы жылдары Баш прокурор, Министрлер кабинетинин орун басарларын катуу сындагам”,- деген депутат. Ал эми журналист Раимбек Матраимов […]

Сизге жагышы мүмкүн