Катуу жер титирөөлөрдү эскертүү системасы ишке кирет

Автор

Өзбекстанда 1-декабрдан тарта катуу жер титирөөлөр боюнча улуттук алдын ала эскертүү системасы этап-этабы менен киргизилет. Өлкөнүн Юстиция министрлиги билдиргендей, бул Өзбекстандын калкынын жана аймагынын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо системасын өркүндөтүү боюнча президенттин жарлыгында каралган.
Жаңы документте 2023-жылдан баштап бала бакчалардын, мектептердин жана орто, атайын жана кесиптик билим берүү мекемелеринин окуу пландарына жер титирөө учурундагы эрежелерди киргизүү пландалууда.
Системанын алкагында Өзбекстанда жана коңшу мамлекеттерде сейсмикалык активдүүлүккө онлайн мониторинг жүргүзүү системасы менен байланышкан «Күчтүү жер титирөөлөр жөнүндө эскертүү» мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландаштырылууда. Ал күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталгандан кийин бир нече секунданын ичинде колдонуучуларга бул тууралуу билдирүү жөнөтүшү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанга 3 завод курулат

Кытай Элдик Республикасы Кыргызстанга 3 завод курат. Мындай маалымат президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон расмий иш сапары учурунда белгилүү болду. Алар автомобиль курап чыгаруу заводу, таштандыларды кайра иштетүү заводу жана жер семирткичтерди чыгаруучу заводу. Бул багытта эки өлкөнүн лидерлери расмий документтерге кол коюшту. Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарынын […]

Сизге жагышы мүмкүн