Карылык 27 жаштан башталат

Автор

Жаңы изилдөөгө караганда адамдын карыгандыгы 30 жашка жетпей башталат экен. Адамдын акыл-эс жөндөмдүүлүгү жана психологиялык саламаттыгы 27 жаштан башталаарын Верджини университетинин окмуштууларынын илимий тыянагында айтылды.
Бул иликтөөгө 18 жаштан 60 жашка чейинки 2 000 жакын кардар катышкан жана окмуштуулар аларды жети жыл боюу изилдеген. Бул изилдөөгө катышкандар саламаттагы чың жана билимдүү болушкан. Эксперт учурунда ар кандай визуалдык баш катырмаларды чечүүгө жана сандарды тизмектетип, айткалган аңгемелерин кайталап берүү тапшырмалары берилген. Ушуга окшогон тесттер психикалык ооруларга айрыкча альцгеймер сыяктуу акыл-эс ооруларына жасалат.
Профессор Тимоти Салтхаустын жетекчилиги алдында жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары американын илимий нейробиология журналына жарыяланган. Андагы сунушталган 9-12 тестти орточо муун тагыраак айтканда 22 жаштагылар жогорку жыйынтык менен жооп беришкен.Андан кийин чоң айырмачылык менен 27 жаштагылар көрсөткөн. Алар ойлонуунун ылдамдыгы, везуалдык аралык жана аргументтер боюнча дагы төмөн жыйынтыкты көргөзгөн. Адамдын акыл-эси орточо эсеп менен 37 жаштан баштап, өтө тездик менен карый баштайт. Ал эми 42 жаштан жогоркулар андан да төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөн. Профессор Салтхаус бул алынган жыйынтыктар карылыктан арылууну жана көп жашоону пенсияга чейин баштоо керектигин көргөзгөндүгүн белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Сот Трампты алдамчылык иши боюнча күнөөлүү деп тапты

Нью-Йорктун соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты жарандык алдамчылык боюнча айыптуу деп тапты. Соттун буйругуна ылайык, Трамп үч жыл бою Нью-Йоркто катталган бир дагы каржы мекемесинен насыя алуу үчүн арыз бербестен 350 миллион доллардан ашык айып төлөшү керек. Ошондой эле жогорку сот экс-президенттин жетекчилик кызматтарга талапкерлигин коюуга укугу жок деп […]

Сизге жагышы мүмкүн