Ошто 45 млн сомго айланма жөө өтмөк курулду

Автор

Ош шаарында курулуп жаткан айланма жөө өтмөк ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өтмөктүн негизги конструкциясы бүткөн. Шаар тургундары жана конокторуна, өтмөк аркылуу жүрүүгө уруксат берилди.
Эске салсак, ушул жылдын май айынан тарта Ош шаарынын Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулуп баштаган.
“Жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү курууга 45 млн сом бөлүнүп, 31-августка чейин бүткөрүү пландалган”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 1-сентябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.1 сомдон  болсо, сатуу  88.3 сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.25 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн