ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу 17-июлда башталат

Автор

2023-204-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат.

 

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.

 

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :

 

I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;

 

II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;

 

III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;

 

IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.

Бөлүшүү:
Next Post

 "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин жүргүзүлөт. “Эл үмүтү” стипендиясынын максаты Кыргызстандын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (мындан ары – окуу жайлары) QS World University Rankings, Times […]

Сизге жагышы мүмкүн