Каныбек Иманалиев: “Президенттик “Акылман” лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт”

Автор

Президенттик “Акылман” лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министр учурда куруучулар ыкчам иштеп жатышкандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи” мекемеси түзүлгөн.

Лицейди түзүүнүн негизги максаты өзгөчө шыктуу балдарды окутуу, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Францияда чыңалуу күчөдү!  Демонстранттар курал дүкөнүн тоношту

Францияда 17 жаштагы африкалык өспүрүм полициянын огунан каза болгондон кийин башталган тополоңдор уланууда. Көптөгөн шаарларда демонстрациялар уюштурулуп, Марсель  шаарында курал саткан дүкөндөр тонолгон. Франциянын Марсель шаарында болгон коогалаңда курал-жарак дүкөнү тонолгон, аңчылык мылтыктары уурдалган. Бирок октор алынбаганы белгилүү болду. Марсель шаар башчысынын өтүнүчү менен калаага кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Өлкө боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн