Камчы Көлбаевдин кымбат баалуу 60 авто унаасы бар

Автор

Жок кылынгаң кримтөбөлдүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр кирет. Алардын ичинде кымбат баадагы үйлөр, коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгондор, зер буюмдар жана башка мүлктөрү болгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Алар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтарылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Тель-Авивдин жашоочулары тамак-аш сатып алууга шашылууда

Кагылышуудан улам Тель-Авивдин тургундары азык-түлүк дүкөндөрүнө шашылышты. Эл массалык түрдө нан, жумуртка жана сүт сыяктуу негизги азыктарды сатып алууда. Бир катар соода түйүндөрүндө товарларды чектелүү өлчөмдө сата башташты. Израилде Палестина менен күчөгөн жаңжалда көз жумгандардын  саны 700дөн ашты.  Палестинада 436 курмандык бар, анын ичинде 91 бала жана 61 аял. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн