“Сапаттын” окуучулары биология боюнча Британ олимпиадасында 12 медаль утту

Автор

Эл аралык “Cапат” билим берүү мекемесинин окуучулары биология боюнча Британ олимпиадасында (British Biology Olympiad 2024) 12 медаль утуп алышты.
Бул жылы 10-февралда башталган конкурска дүйнөдөгү 1000ден ашуун мектептен 15000 окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан 116 окуучу катышып, 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышкан. Медалдардын 12син “Сапаттын” окуучулары алып келген.
1. Данияр Гаипов, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-кл – Алтын
2. Азирет Анварбеков, Х. Карасаев Каракол лицейи, 11-кл – Алтын
3. Нурсултан Увалиев, Х. Карасаев Каракол лицейи, 10-кл – Алтын
4. Байзак Карыпжанов, “Манас-Ата” Талас лицейи, 11-кл – Алтын
5. Рахман Марат уулу, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-кл – Күмүш
6. Айбийке Базарбаева, United World International School Бишкек шаары, 11-кл – Күмүш
7. Дамир Маджунов, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-кл – Күмүш
8. Али Эшматов, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 11-кл – Күмүш
9. Омурбек Русланбеков, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-кл – Күмүш
10. Элхан Акимов, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 9-кл – Коло
11. Самиева Мелита, Бишкектеги “Айчурек” лицейи, 11-кл – Коло
12. Мухтадил Хамитжанов, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 9-кл – Коло

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте "Азербайжан маданиятын таанытуу" күндөрү өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Азербайжан маданиятын таанытуу” күндөрү өттү. Анда коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, элчилер Азербайжан элинин салт-санаасы, тарыхы жана үрп-адатынан кеп козгоп, жалпы маданияты тууралуу айтып беришти. Иш-чаранын алкагында «Деде Коркут», «Долу» жана «Ферят» аттуу Азербайжан тасмалары көрсөтүлүп, белгилүү түрк журналисти Сейфуллах Түрксой жазган «Гейдар Алиев эскерүүлөрдүн нурунда» аттуу китептин […]

Сизге жагышы мүмкүн