Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.
Камчыбек Ташиев өз сөзүндө президенттин тапшырмасы менен ушул сыяктуу курулуштар, аскерлердин жашоо-шартын, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо аракеттери мындан ары да уланарын билдирди.
“Ошол эле учурда аскерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлөт. Өз милдеттериңерди так жана берилгендик менен аткарышыңар керек”, – деди Ташиев.
Чек арачыларга тапшырылган көп кабаттуу үй 67 батирлүү: анын бир бөлүгү күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана башка ведомстволордун кызматкерлери үчүн бөлүнгөн.
Мындан сырткары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу менен оңдоп тузөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды. Анда кызмат үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Иш бөлмөлөрү, окуу бөлмөлөрү, жатаканалары, мончо, ашкана, спорт зал, спорт аянтчалары, автопарк жана башка бардык шарттар камсыздалган.
Аймак толугу менен жашылдандырылып, кызмат өтөө үчүн эч кандай кемчилдик калтырылган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүндөн тарта TikTok тармагы жабылды

Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына чектөө киргизилди. «Мега», «Билайн» жана «О» мобилдик операторлорунда аталган социалдык тармак түнкү 00:00дөн баштап ачылбай жатат. Бирок уюлдук байланыш компаниялар азырынча бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги аталган тармакты 18-апрелден тарта бөгөттөө талабын байланыш операторлорго жөнөткөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн