“Улуттук энергохолдинг” жоюлуп, Энергетика министрлигине өтөт

Автор

“Улуттук энергохолдинг” мамлекеттик ишканасы жоюлуп, анын акциялары Энергетика министрлигине өтөт. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мүлкү жоюлуп бүткөндөн кийин, ал Энергетика министрлигине өтөт. Ушул кезде “Улуттук Энергохолдинг” өзүнө таандык 5 ачык акционердик коомдордун 90 пайыз акцияларына ээ. Ишкананы жоюу процесси эки айга создуктурулушу мүмкүн.  Муну менен өкмөт энергетикалык компаниялардын чыгымдарын азайтууну, эффективдүү башкарууну сунуштап жатат. Аталган компания жоюлса, 70 млн сом каражат үнөмдөлөт”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер титирөөгө туруштук бере албаган имарат текшерилет

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Сейсмология институтуна Жусуп Абдрахманов  көчөсүндөгү №148чи имаратты текшерүү тапшырмасын берди. “Бул имарат жер титирөөгө туруштук бере албайт. Биринчиден, мунун фундаменти жок. Мен бул имаратты 40 жылдан бери билем. Ичине кирсеңер коркунучтуу. Алгачкы жер титирөөдө ушул имарат көчүп түшөт”,-деп билдирди. Шаар башчысы протоколдук тапшырма берип, Сейсмология […]

Сизге жагышы мүмкүн