Көлбаевдин тобун каржылаган орусиялык ишкерге издөө жарыялады

Автор

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган орусиялык ишкер, “Капитал Групп” компаниясынын ээси Тё Павел Владимировичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында “Братский круг” эл аралык кылмыштуу тобуна кирген РФнын ири ишкерлеринин бири Тё Павел Владимирович (криминалдык чөйрөдө “Паша Кореец” катары белгилүү) тарабынан “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, П.Тё Кыргызстандын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында крим чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен, атап айтканда, “Мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу менен, ошондой эле КР аймагында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө К. Асанбектин “өкүл атасы” катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн.
Ошол эле учурда П.Тё Камчы Асанбектин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага КР аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн.
Мындан тышкары, П.Тёге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланган.
Азыркы учурда Т.П.В.га карата эл аралык издөө жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиялык 259 спортчу жазаланды

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) Москва лабораториясынын (LIMS) маалыматтарын кайра текшерип, 250 орусиялык спортчуга жаза берди. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында айтылат. Ошондой эле дагы 32 спортчуга айып тагылып, 106 факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленген. Мындан тышкары LIMS операциясы боюнча иликтөө “ийгиликтүү” уланып жатканын билдирди. 2019-жылдын январында WADA […]

Сизге жагышы мүмкүн