Мурдагы спикерлерге артыкчылык берилеби?

Автор

Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлерине «экс-төрага» статусун ыйгарып, депутаттардыкындай артыкчылыктарды берүү сунушталды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Долбоорду Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков демилгелеген. Алардын пикиринде, долбоор парламенттин спикери кызматынын деңгээлин жогорулатат.
Документте экс-төрага менен анын жубайына дипломатиялык паспорт берүү, акысыз медициналык кызматтарды алуу жана аэропорттордун, темир жолдордун VIP-залдарын акысыз колдонуу укугу каралган.

Бөлүшүү:
Next Post

Назарбаевдин жакыны сегиз жылга шарттуу кесилди

Назарбаевдин жээни кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн сегиз жылга шарттуу кесилди. Казакстандын соту Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Самат Абишти сегиз жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Жолугушуулар жабык эшик артында өттү. Самат Абиш 2022-жылдагы январь окуясында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп соттолгон. Абиш өлкөнүн мурдагы президенти […]

Сизге жагышы мүмкүн