Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады

Автор

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү бүгүн, 1-апрелде аяктады. Салык кызматынын маалыматка ылайык, салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде юридикалык жакты түзгөн дыйкан жана фермердик ишканалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен республиканын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар 1-апрелге чейин тапшырууга тийиш.
Мындан тышкары, жеке жактар менен жеке ишкерлер 1-майга чейин салык декларациясын тапшырышы керек.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга административдик айып салынат.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алса болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү шайлоолордо оппозиция 49 шаардан утту

Түркиядагы жергиликтүү шайлоолордо оппозиция алдыга чыкты. Жалпы 81 шаардын 49да мындан ары оппозиция башкарат. Алардын ичинен Республикалык калк партиясы (CHP) 35 шаарга ээлик кылды. 1 шаар “Жакшы”(İyi) партияга, 10 шаар Улуттардын теңдештиги жана Демократия партиясына, 2 шаар “Жаңы Эркиндик (Yeni Refah) партиясына жана 1 шаар Биримдик (BBP) партиясына бөлүндү. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн