Байден АКШнын аскердик бюджетин бекитти

Автор

АКШ президенти Жо Байден АКШнын келерки жылдагы 886,3 миллиард доллар өлчөмүндөгү аскердик бюджетине кол койду. Анда Украина үчүн 800 миллион доллар бар.
Документ каржы жылына негизинен Пентагонго, Энергетика министрлигинин улуттук коопсуздук программаларына, АКШнын Мамлекеттик департаментине жана чалгындоо иштерине бөлүнөт деди президент.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы долбоорду 14-декабрда жактырган. Жаңы аскердик бюджет үчүн 310 мыйзам чыгаруучу добуш берди. 118и каршы, дагы алтоо калыс болду.

Бөлүшүү:
Next Post

“Барселона” Чемпиондор Лигасынан чыгарылышы мүмкүн

“Барселона” клубу Чемпиондор Лигасынан четтетилиши мүмкүн. Атактуу футбол клубунун Европа футбол ассоциациясынын каржылык эрежелерин бузгандыгы айтылууда. Буга чейин УЕФА каталондук командага 500 миң евро айып салган. Чет элдик спорт басылмалары учурда “Барселона” клубунда каржылык иштери баш аламандыкта экендигин байма-бай жазышууда. УЕФАнын жобосуна ылайык, клубдар чыгымдарын тиешелүү киреше менен компенсациялоого милдеттүү. […]

Сизге жагышы мүмкүн