Казакстанда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду

Автор

Казакстандын сейсмикалык станцияларынын тармагы дүйшөмбү күнү саат 11:14тө Жамбыл облусунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөөнү каттады. Бул тууралуу республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Сейсмикалык станциялар тармагы саат 11:14тө жер титирөөнү каттады, анын очогу Алматы шаарынан 308 км батыш тарапта Казакстандын аймагында жайгашкан. Магнитудасы MPV 5.3»,-деп айтылат билдирүүдө.
Сейсмологдордун маалыматы боюнча, силкинүү Жамбыл районунун Мерке айылында сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте митингдерин өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды

Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Сот Биринчи май акимчилигинин «Тынч чогулуштарды өткөрүү жерлерин чектөө жөнүндө» токтомун мыйзамдуу деп табуу боюнча арызын канааттандырган. Ага ылайык, тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу 30-июнга чейин узартылды. Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында, Эркиндик бульварынын […]

Сизге жагышы мүмкүн