Казакстандан Кыргызстанга унааны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Автор

Казакстандан Кыргызстанга унааны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын кызматкерлери текшерүү иш-чараларынын алкагында «Ак-Тилек» товарларды каттоо пунктунун аймагында К.С.Б. аттуу жарандын башкаруусунда Казакстандан Кыргызстандын аймагына келе жаткан, Литванын мамлекеттик каттоо номери менен 2012-жылы чыгарылган Volvo FН 4ХТ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүүгө алышкан.
Берилген документтерди текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаа Казакстандын аймагында Бурабай протоколунун ченемдерин жана ЕЭКтин 2015-жылдын 14-октябрындагы №59 Чечимин колдонуу менен таризделгени аныкталган.
Бурабай протоколунун 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Казакстан жеңилдетилген чен боюнча ташып кирүү бажы алымдарын төлөө менен Казакстандын аймагына киргизилген товарларды ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына ташып чыгууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылат.
Казакстандын аймагында мурда төлөнгөн бажы алымдарын эске алуу менен товарларды «ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосуна жайгаштырууда төлөөгө тийиш болгон бажы алымдарынын суммасы 1 323 624 сомду түздү.
Факты КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар юридикалык баа берүү жана караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Орточо эмгек акы 33,5 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-февраль айларында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 33 миң 512 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Алсак, эң көп эмгек акы Ысык-Көл облусунда – 40 миң 797 сом, Бишкек шаарында – 39 миң 836 сом, Талас облусунда – […]

Сизге жагышы мүмкүн