Космоско жыгач спутник учурулат

Автор

Киото университетинин илимпоздор тобу жана япондук жыгач иштетүүчү Sumitomo Forestry стартапы жыгач орбитада туруктуу материал болушу мүмкүн экенин, космостун өнүгүүсүндө бурулуш болорун жарыялады.
Өнөктөштук 2020-жылы жарыяланган. МКСга жиберилген үлгүлөр Кибо модулуна жайгаштырылып, ал жерде он айга жакын калган. Өткөн аптада жыйынтыктар чыкты. Бул абдан чоң ийгилик болду. Окумуштуулар келерки жылдын башында орбитага биринчи толук кандуу жыгач спутнигин учурууга үмүттөнүп жатышат.
«Биз катаал шарттардын органикалык материалдарга тийгизен таасирин көргүбүз келет”,-дейт долбордун жетекчиси жана Киото университетинин изилдөөчүсү Кожи Мурат.
Спутниктер мөөнөтү акырына жеткенде абдан кымбат таштандыга айланат. Жердин атмосферасына кайра түшкөндө күйүп озон катмарында жаңы тешикти пайда кыларын эске алганда бул олуттуу көйгөй.
Андыктан жыгач спутниктерге өтүү маселени чечүүнүн эң жакшы жолу болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар  «Кыргызиндустрия» ишканасына барышты

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,  «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдураимов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов ишкана тууралуу  маалымат беришти. Көчмө жыйындын алкагында эл өкүлдөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн