Испания маска режимин кайрадан киргизди

Автор

Испания сасык тумоо жана коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу ооруканаларда маска режимин кайрадан киргизди.
Франс Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, жаңы жобо медициналык кызматкерлерге жана Испаниянын бардык ооруканаларына келгендерге тиешелүү.
“Бирок, талап жеке клиникаларга, дарыканаларга жана стоматологдорго тиешелүү эмес. Алар өз каалоосу боюнча беткап кийсе болот”, – деди Саламаттыкты сактоо министри Моника Гарсиа.
Жаңы чаралар эки жумага созулары белгиленген. Маска режими бейтаптардын саны кескин азайа баштагандан кийин жокко чыгарылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Бүгүн-эртең күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кар көчкү түшүү коркунучу жогору ашуулар жана трассалар: Төө-Ашуу ашуусу, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы; Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, унаа жолдун 98-255-чакырымы; Мырзаке — […]

Сизге жагышы мүмкүн